Кыргыз-Түрк ооруканасы мэриянын балансына өткөрүлдү

Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасы борбор калаанын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан билдиришет.
Белгилүү болгондой, мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен (Түркия Республикасынын премьер-министринин аппаратынын алдындагы кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы долбоордук кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында курулган) №1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык) муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 метр кубду түзөт.
Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.
Керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 орунга эсептелген, анын ичинен 21 реанимация керебети, ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскопия, эхокардиография жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан