Милициянын кайгуул кызматы төлөнбөгөн айып пулдарды өндүрүү үчүн рейд жүргүзүп жатат

Милициянын кайгуул кызматы төлөнбөгөн айып пулдарды өндүрүү үчүн рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыр айдоочу жол эрежесин бузуу учурунда кызматкерлер тарабынан айдоочулук күбөлүгү алынбастан, ордунан протокол түзүү менен гана чектелет. Андыктан айдоочулар, “күбөлүгүм алынган жок” деген ой менен жазылган протоколдордун айып пулдарын төлөбөстөн, кайрадан кайталап жол эрежелерин бузган фактылар көбөйүүдө.

Ошол себептен Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы тарабынан 11-апрелден 25-апрелге чейин төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар айдоочуларга карата рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, Укук бузуулур кодексинин 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, аныкталган унаалар убактылуу айып короо жайына токтотулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан