Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжандын өкүлдөрү катышат. 20-25-апрель күндөрү салттуу музыка жумалыгы өтөт

20-25-апрель күндөрү Бишкекте салттуу музыка жумалыгы жана IX эл аралык музыка жана бий конгрессин өткөрөт. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду менен биргеликте уюштурулат.
Программага ылайык, IX эл аралык музыка жана бий Конгресси, "Күү күнү", "Ыр күнү", "Дастан күндөрү" өтүп, ар бир бөлүк боюнча мастер-класстар болот. Ошондой эле Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Коркут-Ата" спектакли көрсөтүлүп, салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу боюнча тегерек столдор, музыкалык окуу жайлардын отчёттук концерти жана "Улут наркы" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.
Маданий саамалыкка төкмө акын, комузчулар мастер- класстарды көрсөтүп, салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчы, дастанчы, акындарынын концерти көрсөтүлөт.
Иш-чаранын расмий бөлүгү 25-апрель күнү "Салттуу музыка күнүнө" карата гала концерт менен жыйынтыкталат.
Жумалыктын башталашы салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жөө жүрүшү менен башталат.
Салттуу музыка жумалыгына Казакстан,Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Орусиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышат. Ал эми Венгрия, Италия, Улуу Британия, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий багытта өтө турган конгресске онлайн форматта катышуусу күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан