Апрель айынын аягына чейин Орусиядан 3 Кыргыз жараны депортацияланат

Орусиянын Сахалин облусунда 8 Кыргыз жараны убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Алар мекенине депортацияланат дешет Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен.
Элчиликтин маалыматына караганда, Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Анда элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясынын биринчи катчысы жана Кыргыз Республикасынын консулу чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга барышкан.
Борборго болгон сапардын жүрүшүндө жарандарды камакта кармоонун шарттары жана бардык консулдук, укуктук маселелер боюнча маалымат берилди. Консул мекендештерге керектүү азык-түлүктөрдү тапшырды.
"Бүгүнкү күндө убактылуу кармоочу жайда 8 Кыргыз жараны депортациясын күтүп жатышат. Алардын ичинен үчөө (мекеменин жетекчилигинин маалыматы боюнча) 2022-жылдын апрель айынын аягына чейин мекенине жөнөтүлөт", - дешет элчиликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан