Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, өз ара аракеттенүүнүн көптөгөн тиешелүү тармактарында актуалдуу чөйрөлөрүндө, анын ичинде алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деӊгээлдеги иш-чараларды талкуулашты.
"Атап айтканда, кыргыз-казак өнөктөштүгүнүн стратегиялык жана союздук мүнөзү, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери кеӊири талкууланды. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын келип чыккан маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө диалогду мындан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти", - дешет тышкы саясий ведомстводон.