Орусияда абакта жаткан 8 кыргызстандык депортация болот

Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында убактылуу кармоочу жайда отурган сегиз Кыргыз жараны жакын арада депортация болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында убактылуу кармоочу жайда отурган кыргызстандыктардан кабар алган. Анда кыргызстандыктарды кармоо шарты менен таанышышкан. Ал жерде сегиз Кыргыз жараны жакын арада депортация болууну күтүп жатышат. Алардын үчөө апрель айынын аягына чейин өлкөгө жөнөтүлүүсү күтүлүүдө.

Алар эмне себептен кармалып жатканы, жалпы канча Кыргыз жараны бар экени маалыматта айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан