Баатыр менен сулуунун кан-жанынан жаралган! Айгүл гүлүнүн таржымалы

Баткен облусу башка облустардан айырмаланып өрүкзардын мекени. Бул өрөөндө өзүнүн татымдуулугу боюнча балдан кем эмес асыл баалуу түркүн сорттогу өрүктөрдүн даамы менен даңазаланып келет. Ал гана турсун дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү да ушул облустун аймагынан орун алып келет.

Эл арасында кеңири айтылып келген уламыштын маани-маңызы төмөнкүчө:

Илгери бул Карабулак аймагында бир бай жашаптыр. Анын ай чырайлуу Айгүл аттуу кызы болуп өзүнүн наздыгы, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка бөлөп келет. Айгүл бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып, ошол эле айылдагы Козулан деген баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат. Эки жаштын ата-энеси да балдарынын сезимдерин байкап калышып билдирбестен той камын көрө башташат.

Бирок какаганга муштаган болуп баскынчы душмандар менен болгон катуу кармашта Козулан тарап жеңилип, баатыр Козулан багынып бергиси келбестен кашык каны калганча салгылашып жатып каза болот. Жолдоштору анын жүрөгүн айылга алып келишет. Бул кайгылуу кабарды укканда чыдабай ыйлаган бойдон дарыянын жээгине келип отурат да сүйгөнү менен ушул дарыянын жээгинен таанышканын эске түшүрөт.

Ал жерден үйүнө келип курбу кыздарын ээрчитип тоону көздөй жөнөйт. Тоого жетип курбу кыздар менен коштошот да, өзүн бийик аскадан төмөн карай таштап жан берет. Ал аскадан таштын борчугунан кыздын канына боёлгондой кочкул кызыл, саргыч түстөгү өтө кооз гүл өсүп чыгат. Ал гүлдү "Айгүл гүлү" деп кыз боюн таштаган асканы "Айгүл таш" деп, ал эми Айгүл таштын бет маңдайындагы тоону "Козулан тоосу" деп аташат. Баатыр жигит козуландын жүрөгү кыз менен кошо жерге жашырылат. Ошентип тирүүсүндө тагдырдын буйругу насип этпеген бул эки жаштын тилеги тигил дүйнөдө биригип, алардын каны жанынан Айгүл гүлү жаралып калган экен.

Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөө мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Анын дагы бир айырмачылыгы боюнун бийиктиги 1-1,5 метрге жетет.

Таржымал маданият министрлигинин баракчасынан алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан