Министрлердин орун басарлары жана административдик ведомство жетекчилеринин орун басарлары квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингге катышууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-мартынан 21-апрелине чейин президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Мыйзам долбоорун даярдоо, сунуштоо жана коргоо», «Ишкердик мамлекеттик тил», «Эл алдында сүйлөө жана бет ачарды сунуштоо көндүмдөрү», «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу», «Мамлекеттик кызматкердин этикасы» деген темаларда тренингдер өткөрүлүүдө.
Окууга министрлердин орун басарлары жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары – бардыгы болуп 74 мамлекеттик кызматкер катышууда.
Лекторлордун арасында мамлекеттик жана коомдук ишмерлер – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Арзыбек Кожошев, Эдил Байсалов, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевдер бар.
Ошондой эле тренингдин катышуучуларына Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдуулук институтунун директору Аязбек Жаркынбаев, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Баялы Досалиевдер баяндама жасады.
Алдыдагы лекцияларга коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов жана Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, академик Чолпонкул Арабаев чакырылган.
Тренингдердин жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлер мыйзам долбоорлорун даярдоо жана коргоо, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, эл алдында чыгып сүйлөө боюнча зарыл билимдерди алышат.
Учурда райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасына окутууга даярдыктар көрүлүүдө.
Жалпысынан квалификацияны жогорулатууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, анын ичинде президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери тартылат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү зарылдыгы тууралуу сунушту буга чейин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров киргизген.