Жалал-Абадда эки адам кампадагы 39 тонна күйүүчү май сакталган идишке кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-апрель күнү саат 19:59да Жалал-Абад шаарында куткаруучуларга эки жаран куткарууга муктаж экендиги кабарланган.
Такталган маалыматка ылайык, алар күйүүчү май сактоочу кампага текшерүү жүргүзүү учурунда түшүп кеткен.
Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, күйүүчү май сакталган кампага түшүп кеткен 59 жаштагы Ж.Ф жана 45 жаштагы К.К аттуу адамдарды противогаз, кычкылтек баллондун жардамы менен чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда куткарылган эки жарандын тең абалы туруктуу.