Дастан Бекешев жаңы Ак Үй тууралуу маалыматтар ачык болуусу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте президенттин администрациясы үчүн жаңы имаратты куруу тууралуу пикирин Телеграмдагы каналына калтырган.

Анда бул ишти колдой турганын, бирок ага чыгымдалган акча, инвестор сыяктуу маселелер ачык болушу керек деген оюн айткан.

Ошондой эле Бекешев Бишкекте 16 гектер жер абдан кымбат жана “мамлекеттен бир тыйын кеткен жок” деген сөзүн туура эмес деп эсептейт.

Кечээ президент Садыр Жапаров 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак Үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан