"Манчестер Юнайтед" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасында 60-ирет хет-трик жасады. Португалиялык футболчу кечээ Англия премьер-лигасынын 33-турундагы "Норвич Сити" менен болгон оюнда 3 гол киргизди. Анын стандарттык абалдан киргизген акыркы голу чечүүчү болуп, 3:2 эсебинде "Манчестер Юнайтед" жеңишке жетишти.
Муну менен 37 жаштагы Роналду карьерасында 60-жолу хет-трикти ишке ашырды. Аталган көрсөткүч азыркы футболдо рекорд болуп саналат. Ал эми тизмеде экинчи орунда жайгашкан "ПСЖ"нын чабуулчусу Лионель Мессинин эсебинде 55 хет-трик бар.
Мындан тышкары ал 2 жылдан бери алгачкы жолу стандарттык абалдан гол жаратты. Чабуулчу акыркы жолу стандарттык абалдан 2020-жылы "Ювентустун" катарында жүргөндө гол киргизген.
Криштиану Роналду Англия премьер-лигасынын быйылкы сезонунда 26 беттеште 15 гол киргизип, турнирдик жадыбалда 3-орунда келе жатат. Ал эми 2-катарда 17 гол менен "Тотенхэмдин" чабуулчусу Сон Хын Мин жайгашкан. 1-орунда турган "Ливерпулдун" оюнчусу Мохамед Салахта 20 гол бар.