"Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту жеңип чыгарына ишенет", - деп бир канча күн мурда орус лидери менен жолуккан Австриянын канцлери Карл Нехаммер билдиргенин дүйнөлүк басымалар жазып чыкты.
"Путин азыр Украинада эмне болуп жатканын абдан жакшы билет. Ал согушту жеңип чыгарына толугу менен ишенет", - деп билдирген ал.
Канцлер Путин менен болгон жолугушуу ачык жана катаал мүнөздө өткөнүн белгилеп, сүйлөшүү учурунда Украинадагы абал, гуманитардык маселелер жана кыйраган шаарлар тууралуу кеңири талкуу орун алганын белгиледи. Ошондой эле Путинди Мариуполь менен Харьковдогу чабуулду токтотууга чакырганын кошумчалады.
"Ал Орусиянын коопсуздугу үчүн азыркы согуш керек экендигин айтты. Анткени Путин эл аралык коомчулукка жана батыш дүйнөсүнө ишенбейт. Бирок экинчи жагынан эл аралык тергөө менен иштешүүгө даяр", - деди Нехаммер.
Канцлердин айтымында Путин эл аралык санкциялар Орусияга бир топ кыйынчылык жаратканын моюндайт. Бирок өлкөнүн коопсуздугу үчүн согуштан баш тартпоо ниетинде.