ЕККУ Украинадагы кырдаал боюнча баяндамасын жарыялап, Орусияга бир катар айыптарды такты

Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму "24-февралдан бери Украинада жасалган эл аралык гуманитардык жана адам укуктарынын бузулушу, согуштук жана адамзатка каршы кылмыштар" тууралуу баяндамасын жарыялады.

Уюм баяндамасында Орусия тарап буга чейинки жаңжалдарда бир канча жолу документке алынып, кол коюлган эл аралык нормаларды бузганын белгилеген. Алардын ичинде Орусияга төмөнкүдөй айыптоолорду койгон:

  • Орусия тарап Мариуполь шаарындагы оорукананы жана драм театрын бутага алганы үчүн жооптуу.
  • Орусиянын куралдуу күчтөрү басылып алынган шаарларда орус аскерлеринин болушуна каршы болгон жарандардын тынчтык митингдерин басып келген.
  • Уюм орус күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда жергиликтүү аткаминерлерди мыйзамсыз кармоо жана жоготуу боюнча 24 фактыны, ошондой эле согушка ачык каршылыгын билдирген журналисттер менен жарандык активисттердин кармалышы жана дайынсыз жоголушу тууралуу 21 фактыны аныктаган.
  • Талап-тоноочулукка байланышкан бир катар билдирүүлөр үчүн да тынчсызданып жатканын билдирген.

ЕККУнун баяндамасына кийин аныкталган Буча сыяктуу шаарлардагы массалык адам өлтүрүү фактылары кошулган эмес. Аталган окуя олуттуу эл аралык иликтөөнү талап кылары белгиленген. Уюм ошондой эле Украинаны да согуштагы туткундарга карата мамилеси боюнча айыптаган.

Баяндамада эл аралык мыйзам бузуулар эки тараптан тең орун алса да, Орусиянын кылмыштуу аракеттери мүнөзү жана масштабдуулугу жагынан да алда канча чоң экендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан