Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводунун аймагына отурукташкан украиналык аскерлер куралын таштоодон баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда аталган заводдун аймагында кырдаал оор. Орус аскерлери украиналык согушкерлер куралын таштоодон баш тарткандан кийин акырындан заводду көздөй жылып бара жатышат.
Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги "Азовсталдын" аймагында жүргөн аскерлерге курал таштоону сунуштаган. Багынган согушкерлерге жанын сактап калуу убадасы берилген.
Учурда салгылашуу уланууда.