Түркиянын Коргоо министрлиги Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы жаңы аскердик операциясын Ирактын түндүгүндө баштады. Бул тууралуу Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, атайын операцияга аскерлер жана аба күчтөрү катышууда.
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акардын айтымында, учактар партиянын согушкерлеринин баш калкалоочу жайларына, бункерлерине, тоннелдерине, үңкүрлөрүнө жана кампаларына ийгиликтүү чабуулдарды жасаган.
"Операция пландалгандай ийгиликтүү уланууда. Биринчи этапта коюлган максаттар ишке ашты. Биз 40 жылдан бери өлкөбүздү каптап келе жаткан террордук балээден сактап калууга аракеттенип жатабыз. Күрөшүбүз акыркы согушкер жок кылынганга чейин уланат", - деген Акар.
Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясы менен куралдуу кагылышуу 1984-жылы башталып, 2015-жылы кайра уланган. Ирактын түндүгүндө Күрдистандын базалары бар. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2015-жылдын июлунан бери партиянын өлкөнүн ичинде 6 миң, сыртында 6 миң 900 мүчөсү жок кылынганын, Түркиянын коопсуздук күчтөрүнүн жоготуулары 1 миң 200дөн ашканын буга чейин билдирген.