400дөй жумушчу линияда. "Тазалыктын" кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатышат

Бүгүн, 18-апрелге карата "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери штаттык режимде иштеп баштады. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан белгилешти.

Калаа башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн линияга 280 көчө шыпыргыч, 99 жүк жүктөгүч жана 46 атайын техника чыкты. Андан тышкары катуу таштандыларды тазалоо үчүн 43 техника жана 101 жүк жүктөгүч тартылганы айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин бир бөлүгү айлык акынын кечиктирилишинен жана унааларды оңдоону каржылоо маселесинен улам иш таштаган.

16-апрелде күндүн экинчи жарымында ишкананын кызматкерлери ишке чыкканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан