"Разакова". Бишкектин борборундагы көчөнүн аты туура эмес жазылган. Мэрия эмне дейт?

Бишкектин борборунда жайгашкан Исхак Раззаков атындагы көчөнүн орусча жазылышы туура эмес жазылып калган. Мындай сүрөттү журналист Канат Каниметов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Сүрөттө көрүнгөндөй, Исхак Раззаков атындагы көчөнүн орусча аты туура эмес жазылган. Тагыраагы көчөнүн аты "Разакова" деп жазылып калган.

Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясына байланышканыбызда, муну "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы карай турганын, бир аздан соң тактап беришерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан