"30 жылдан бери чуркайм". Энергетика тармагында иштеген айым менен маек

SUPER.KG порталына дээрлик 30 жылдан бери жеңил атлетика менен машыккан Жамиля Орозова аттуу айым маек берип, өзүнүн ийгилиги тууралуу айтып берди.

- Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу тааныштырып өтсөңүз?

- Саламатсыздарбы? Мен өзүм кесибим боюнча инженер-электрикмин. "Түндүк электр" ишканасынын релелик коргоо бөлүмүндө электр куроочу болуп иштейм. 1992-жылдан бери энергетика системасында иштеп келе жатам. Быйыл буюрса 30 жыл болот. Өзүм Ала-Бука районунан болом. 1968-жылы төрөлгөм. Бир балам бар. Жогорку окуу жайда 2-курста окуйт. Жолдошум каза болуп калган.

- Жеңил атлетика менен машыгат экенсиз. Канча жылдан бери чуркайсыз?

- Негизи окуучу кезде айылда мектеп үйдөн 3-4 километр алыс болчу. Менден улуу агаларым менен эжелеримдин артынан калбай чуркачумун (күлүп). Анткени 1-класста айылдын иттеринен коркот элем. Кошунам марафонго катыш деп 2019-жылы кеңеш берип, Ак барска катталгам. Ошондо дароо 1 километр чуркагам. Ошондон бери чуркап жүрөм.

- Күндө чуркайсызбы?

- Жумасына 1-2 күн эс алам.

- Эң узун качан, канча аралыкка чейин чуркадыңыз эле?

- 2021-жылдын 15-майында Ысык-Көлдөн 42 километр 195 метр чуркагам. Өзүм курактуу 50-59 жаштагылардын арасынан биринчи келдим.

- Эмне себептен спорттун бул түрүн тандап алдыңыз?

- Мен өзүм эле ден соолук үчүн чуркачумун.

- Марафондорго байма-бай катышасызбы?

- 2021-жылдын 26-сентябрында Алматыга барып чуркап келдим. Бирге иштеген кесиптешим Кумар Дамирбеков чакырган. Бирок мышыктыруучум Пыхтеев Леонид Генадович менен жайы менен абдан катуу даярдаган пландарын аткарам. 2021-жылы Стамбулда өткөн марафонго катыштым. Ал жакта абдан жакшы өтөт экен. Мэрия, бийлик бутактары спорт комитетине жардам берет экен.

- Бул спорттун артынан эмне таба алдыңыз?

- Спорттун бул түрү абдан оор. Машыктыруучу менен чуркаш керек. Ал баарын көзөмөлдөп, чарчаганда дарыгерге же мончого бар деп айтып турат. Машыктыруучум өтө жөнөкөй, жакшы киши. Чуркоонун пайдасы көп. Биринчиден, жалкоолукту таштайсың. Экинчиден, ден соолукту иммунитетти бекемдейсиң. Мисалы, мен пандемияда кыйналган жокмун. Жыт жана даам сезбей калуу деген сыяктуу нерселер болгон жок. Кызыл зонада иштеп жүрдүм. Анан дагы ар дайым позитивде жүрөсүң.

- Кесиптештериңиздин сиздин спорт менен болгон достугуңуздарга көз карашы кандай?

- Албетте, жакшы. Кесиптештерим колдоп турушат. Ынтымактуу иш алып барабыз. Түшүнүктүү, боорукер инсандар менен иштешем.

- Жаштарга кеңешиңиз кандай?

- Азыркы жаштарга айтарым – спорттун каалаган түрү менен машыккыла. Интернеттен алысыраак болууну сунуштаар элем.

- Спортко жакын айымдар үй тиричилигинен алыс болушат эмеспи. Сизде кандай?

- Жок, андай эмес. Үйдөн даамдуу тамак-аштарды жасайм. Үйлөрдү жыйнап, тиричиликке да жетишем десем болот.

- Мындан ары да чуркоону улантасызбы?

- Кудайым буюрса, ден соолук жакшы болсо чуркаганга аракет кылам. Бардык мекендештериме чың ден соолук, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды калайм.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Бар болуңуз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан