Президенттин администрациясын жергиликтүү курулуш компаниясы курары белгилүү болду

Буга чейин "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна президенттин администрациясынын имараты курулары кабарланган. Мамлекет башчынын администрациясынын басма сөз кызматынан курулуш иштерин жергиликтүү "TS Group" компаниясы ишке ашырарын кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда жаңы имарат куруу үчүн берилген 16 гектар жерге кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүлүүдө.

"16 гектар жердин баасы бүткөрүлгөн административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кеткен учурда курулуш компаниясы башка керектүү объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы схемасына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан