Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш берилди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, министрге сөгүш берүүгө Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон. Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эске сала кетсек, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтык этика боюнча министрлер кабинетине сунуш берилгенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан