Түштүк Корея Түндүк Кореядан экинчи жолу курал сыноосун токтотууну талап кылды

Пхеньяндын жаңы куралдарды сынап жаткандыктан Түштүк Корея дагы бир жолу Түндүк Кореядан Корей жарым аралындагы чыңалууну күчөткөн аракеттерди токтотууну талап кылды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Коргоо министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз дагы бир жолу Түндүк Кореядан аймакта туруксуздукка алып келген жана Корей жарым аралындагы чыңалууну күчөткөн бардык аракеттерди токтотушун жана мүмкүн болушунча тез арада тынчтык үчүн сүйлөшүүгө кайтып келишин талап кылабыз", - деген министрликтин басма сөз катчысы брифингде.

Буга чейин Түндүк Корея өлкөнүн негиздөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүнүн 110 жылдыгын белгилеген. Анда Пхеньянда жана башка шаарларда салтанаттар өткөрүлгөн. Ошондой эле 16-апрелде Түндүк Корея өлкө лидери Ким Чен Ындын катышуусунда жаңы тактикалык башкаруучу курал системасын сынаган. Бул система Пхеньяндын тактикалык өзөктүк куралынын эффективдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойной турганы белгиленди.

Буга чейин эгерде Түштүк Корея аскердик тирешүүгө барса Түндүк Корея өзөктүк курал колдонорун Ким Чен Ындын эжеси Ким Ё Чжон билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан