Жогорку Кеңештин комитетинде пандемияда "Дастан" заводунун кампасында медициналык аппарат колдонулбай турганы боюнча маалымат угулду

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинде пандемияда "Дастан" заводунун кампасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат колдонулбай турганы боюнча маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылы Орусиядан келген өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат колдонулбай, Бишкектеги "Дастан" заводунун кампасында турганы айтылган. Буга байланыштуу аталган жагдайды иликтөө маселеси көтөрүлүп, депутат Улугбек Ормоновдун демилгеси менен протоколдук тапшырма берилген.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев пандемия учурунда көптөгөн медицина мекемелерде дарылоочу каражаттардын жетишсиздиги орун алганын белгиледи. “Бирок “Дастан” заводунун кампасындагы аппараттардын баасы жогору болгондугу белгиленип, Саламаттык сактоо министрлиги ошол учурда аларды сатып алуудан баш тарткан. Кийин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментине өткөрүлүп, азыркы тапта ошол жерде убактылуу сакталып турат”, – деди ал.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов тендердин негизинде алынган аппарат менен “Дастан” сунуштаган аппараттын наркы ачыкталышы керектигин билдирди. “Муну менен катар “Дастан” заводу аталган аппараттарды ортомчулар аркылуу алган. Ал эми аппараттардын чыгарылган жердеги өздүк баасы башкача болушу мүмкүн. Эми аларды алып, колдонууга киргизүүнүн зарылчылыгы барбы? Саламаттык сактоо министрлиги убактылуу сактоодон мурун аппараттарды алганга акысы жок болчу”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар депутат өндүрүшчү фирма менен “Дастан” заводунун ортосунда түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөнүнө токтолуп, бул жаатта тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүш керектигин белгиледи. “Андыктан аталган аппараттарды алууга мамлекеттен каражат бөлүүнү чектешибиз керек”, – деди Улугбек Ормонов.

Ал эми Камила Талиева пандемия маалында көптөгөн шалаакылыктар болгонун жүйө келтирип: “Көп адамдын өлүмүнө алып келген кырдаалга жооптуу жетекчилер жооп бериши шарт”, – деди.

Жыйынтыгында маселени толук иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан