Бишкектин борборундагы көчөдө Исхак Раззаковдун аты туура эмес жазылган тактайча алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин борбордогу Исхак Раззаков көчөсүндө Раззаковдун аты орусча "Разакова" деп жазылгандыгы кабарланган.
Бул боюнча мэриянын басма сөз кызматына байланышканыбызда муну "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы карай турганын, бир аздан соң тактап беришерин билдиришкен.