Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштери Учкун-9 көчөсүндө жүрүүдө. Тармактын узундугу 2,1 чакырымды түзөт.
Белгилесек, куруу иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Канализациялык тармактарды куруу иштери жыйынтыкталгандан кийин Шабдан Баатыр кең көчөсүндө Ауэзов көчөсүнөн чыгышты көздөй жолду реконструкциялоо иши башталат.
Жолду оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.