Бишкектеги таштанды полигонунда 4 өспүрүм иштеп жүргөнү аныкталды. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жашы жете элек балдарды эмгекке тартуунун алдын алуу, аны жоюу максатында 2 күндүк рейд өткөрүлдү.
Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Биринчи Май РИИБинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору шаардык таштанды полигонунун аймагында рейддерди өткөрүштү.
"Эки күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө жашы жете элек 4 бала аныкталды. Ата-энелик милдетти туура аткаруу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн сиз гана жооптуусуз. Балдар эмгегин эң начар шарттарда колдонууга тыюу салынат", - дешет мэриядан.