Кытайлык космонавт аял 5 жашар кызына "жылдыз" белек кылды

Кытайлык космонавттар Чжай Жиган, Ван Япин жана Йе Гуанфу алты айлык "Шэньчжоу-13" миссиясын аяктап, жекшемби күнү түштөн кийин Бээжинге келишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, космонавт Ван Япинди аэропортто жолдошу жана кызы тосуп алган. Ал кызын кучагына алган соң кызына "жылдыз" берди.

"Ван Япин космоско кетер алдында 5 жашар кызына достору менен бирге "асмандан жылдыздарды чогултуп келем" деп айткан. Жерге кайтып келген космонавт эне убадасын аткарды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан