Чүйдө 37 жаштагы Мирбек Рысалиев март айынан бери дайынсыз болуп изделет

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 37 жаштагы Мирбек Рысалиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлайт.

Маалыматка караганда, Мирбек Рысалиев 21-мартта Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык, оң бутунун тизесине чейин күйүктөн алган тактары бар.

Кийип жүргөн кийимдери: кара күрмө, көйнөк кызыл түстө, кара шым, кара туфли.

Эгерде изделип жаткан Мирбек Рысалиев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61 69 07, 0708 45 78 46, 070188 62 95 (издөө тобу).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан