Өткөн суткада коронавирус инфекциясын 2 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 200 миң 982 адамдан коронавирус аныкталган.
Бир суткада 10 бейтап илдеттен сакайды. Жалпы айыккандардын саны 196 миң 341 бейтапты түздү.