Москвада "Газпромбанктын" мурдагы вице-президенти аялын, кызын, андан кийин өзүн атып салды

Москвада "Газпромбанктын" мурдагы вице-президенти Владислав Аваевдин үй-бүлөсү киши колдуу каза болушту. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы экс-банкир 47 жаштагы жубайы Елена менен 13 жаштагы кызы Марияны тапанча менен атып, андан соң өз жанын кыйган. Курал үй-бүлө башчысынын колунда болгондуктан полиция ушундай тыянак чыгарган.

Аваевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү 18-апрель күнү кечинде Университетский проспектисиндеги батирден табылган. Жансыз денелерди Владислав Аваев менен байланышууга көпкө аракет кылып, кийин үйүнө барган жакын тууганы тапкан.

Бул окуянын негизги версияларынын бири кызганыч экени айтылды. Себеби, Аваевдин киши колдуу болгон аялы жеке айдоочусунан кош бойлуу болуп калган. Тергөө көрсөткөндөй, Владислав Аваев аялынын кош бойлуу экенин билгенден кийин ушул кадамга барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан