«Апам каттуу ооруп жатты эле. Телефонуӊузду берип туруӊузчу…» Ошто жаш жубайлар уурулукка шектелип камакка алынды

Ошто жаш жубайлар бир нече майда уурулукка шектелип камакка алынды. Бул тууралуу ОШ ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 26 жаштагы М.А. аттуу адам жана анын 21 жаштагы И.Г. аттуу жубайы уурулукка шектүү катары камакка алынган. Алардын үстүнөн бир нече такси айдоочуларынан арыз түшкөн. Арыздарда жубайлар айдоочулардан телефондорун чалып алайын деп сурап, ошол бойдон из жашырып кеткени жазылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Ош шаарына Өзгөндөн келип кылмыштуу аракеттер менен алектенип келгени белгилүү болгон.

Ошондой эле буга чейин кармалгандардын экөө тең мурда соттолуп чыкканы дагы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан