ЭЛДИК КАБАР: Тургун Баткендин Кайтпас айылына электр жарыгы боюнча жеңилдиктер берилбей жатканын айтты

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылдык аймагынын Кайтпас айылынын тургуну кайрылды.

Окурман чек арага жакын айылдарга электр жарыгы боюнча жеңилдиктер берилбей жатканын билдирди.

"Баткен облусундагы чек арага жакын жашаган айылдыктарга жеңилдиктер президент айткан убакыт келсе дагы (ред.: 1-марттан тарта) колдонулбай жатат же кагазда эле калабы айтылган жардам...?", - деди окурман.

Белгилеп өтсөк, чек арага жакын айылдарга каралган жеңилдиктер 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашары айтылган.

Баткенде өзгөчө статус алган айылдарга төмөнкүдөй жеңилдиктер каралмак:
1. Буга чейин аталган айылдарда пенсиянын орточо суммасы 5 500 сом болгон болсо, эми ар бир пенсионердин пенсиясына 2000 сомдон кошулат;
2. Ал эми 16 жашка чейинки балдарга берилүүчү жөлөк пулдардын орточо суммасы 891 сом болсо, алардын суммасы эки эсеге көбөйтүлөт;
3. Ошондой эле аталган айылдардын жашоочулары электр энергиясына ай сайын төлөнүүчү жалпы сумманы 50 пайыз арзандатуу менен төлөй алат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан