
Өлкө аймагында 20-апрелден 25-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМдан таратышты.
Ага ылайык, 20-21 жана 24-апрелде күндүз жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда мөндүр жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.