Жалал-Абадда аттракциондон жыгылган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн чыкты

Жалал-Абадда аттракциондон 2 адам кулап түшүп, жаракат алышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматына таянсак, 16-апрель күнү саат 23:55 чамасында "Жеңиш" эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун тургундары 1997-жылы туулган Н.Ж. жана 2004-жылы туулган Н.Н. ойногону чыгышкан учурда отургуч сынып кетип, кулап түшүшкөн.

Натыйжада алар денелеринен жаракат алышып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Аталган окуя Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү ресстрине "Кокустук" менен катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми Жалал-Абад облустук ооруканасына байланышканыбызда, 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулганын билдиришти.

"Жаракат алган кыз менен жигит 17-апрелге караган түнү ооруканага келип түшкөн.

Учурда экөө тең трамватология бөлүмүндө. Жигит кечээ которулса, кыз бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн трамватология бөлүмүнө которулду. Экөөнүн тең абалы каанаттандырарлык. Алдыда операция жасалат", - деп билдиришти ооруканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан