Садыр Жапаровду Бакуда кандай тосуп алышты? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаровдун учагы Баку шаарындагы Г.Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Бул тууралуу президенттик администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысы расмий сапар менен Азербайжандын Баку шаарына барды. Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Милли Межлистин төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

  • президенттин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев;
  • айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков;
  • санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
  • транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
  • экономика министри Данияр Амангелдиев.
Садыр Жапаровдун учагы Баку шаарындагы Г.Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан