Бишкектин Тунгуч кичи районундагы дүкөндөр жана күркөлөр алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка таянсак, жалпысынан 8 соода түйүнү алынган.
Буга чейин жер тилкелерин берүү боюнча комиссия бул тилкеге келишимди узартпоо чечимин чыгарган. Комиссиянын чечиминин негизинде муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти муниципалдык жерди ижарага берүү келишимин токтоткон.
Инспекторлор тарабынан объектилердин ээлерине бир нече жолу өз ыктыяры менен бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Тилекке каршы, алар коюлган талаптарды аткарышкан эмес.