Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү

Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 43 мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү. Жарандар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ILab порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын онлайн ала алышат, бул кыйыр финансылык ресурстарды жана кызмат алуучулардын убактысын үнөмдөйт.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу үчүн https://ilab.med.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, андан соң "Анализдердин натыйжасы" дегенди тандап, PIN, паспорттун сериясы менен номерин толтурасыз. Андан кийин лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгын QR код менен корголгон pdf форматында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ошондой эле лабораториялык маалыматтык системаны «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат, ал үчүн кызмат алуучулар каалаган Калкты тейлөө борборлорунан электрондук цифралык кол тамганы алышы керек.
Санариптик форматка өткөн лабораториялардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан