Чүй облусунда психикалык жактан жабыркаган жаран куткаруучуларга жалган билдирүү берген. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда, билдирүү берген жаран Чүй айылында бир аялды дарак басып калгандыгын айткан. Жерине 2 куткаруучу тартылып, маалымат тастыкталган эмес.
"Маалымат берген жаран психикалык жактан жабыркагандыгы белгилүү болду", - дешет басма сөз кызматынан.