Иликтөөчү журналист Болот Темиров ага карата дагы 3 кылмыш иши ачылганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, аны кечээ, 19-апрелде Бишкек шаардык милициясына чакырышкан. Барганда ага карата жаңы 3 кылмыш иши ачылганын, муну менен ага карата учурда 4 кылмыш иши бар экенин кабарлашкан.
Муну менен катар бүгүн, 20-апрелде суракка чакырылганын дагы кошумчалаган.
Журналист бул өзүнө карата козголгон иштерди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүнө байланыштырууда.