Жанар Акаев ири шаарларда бош турган мамлекеттик жердин баарына сейил бак курууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстандагы ири шаарларда бош турган мамлекеттик жердин баарына сейил бак курууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, мындай аракет шаарлардагы мамлекетке караштуу жерлерди сактап калууга шарт түзөт.

“Чоң шаарлардын башчылары, өзгөчө Бишкекте, Ошто бош турган мамлекеттин жерлерин дароо сейил бак кылып салышы керек экен. Ошондой ыкма менен жерлерибизди сактап калбасак, улам тарып эле бара жатат. Көп чыгым да кетпейт, шаардыктар үчүн да ыңгайлуу. “Ынтымак” паркы азыр бак-дарак чоңойо электе эле кандай сонун, эл жыкжыйма. Азыркыдай бийик жана башаламан курулуштар шамалды тосуп, шаар түтүндөн арыла албай калат го. Түштүк магистралдын үстүн да көп кабаттуу үйлөр каптай баштады, чукул арада сейил бак куруу зарылдыгын айтып, тиешелүү жетекчилерге кайрылайын. Азыр ушундай ойлоп баратам жолдо”, - деп жазган эле өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан