Казакстан менен чектешкен чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" унаа өткөрүү жайында болжолдуу 180 жүк ташуучу унаа токтоп турат.
Ал эми "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунда 60, "Чалдыбар" өткөрүү жайында 35, "Кең-Булуңда" 30 унаа токтоп турат.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу.