"Элиза үй буюмдарынан" 46 миңден ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде маалымат жыйында «Элиза үй буюмдары» пирамидасынан жабыр тартканын айткан Айжаркын Акматова билдирди.
"Бизге «Элиза үй буюмдарынын» түзүүчүсү Элиза өзү айткан бул жакка 46 миңден ашуун адам тартылган. Андайлар Кыргызстандын бардык жагында бар. Ал жабырлануучуларга акчаларын кайтарып берүүнү убадалап үй камагына чыккан. Бирок акчаларыбызды кайра кайтарган жок", - деди жабырлануучу.
Буга чейин алар бул ишти карап жаткан сотту алмаштырууну талап кылышкан. Анткени сот атайлап отурумду чоюп жатат деп айыпташкан.