Эдил Байсалов жаңыланган Ботаникалык бак борбордун көркүнө айланарын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Эдил Байсалов лабораторияларды, күнөсканаларды, бакчаларды кыдырып чыгып, аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгууну тапшырды. Учурда биздин аймакка тиешелүү уникалдуу өсүмдүктөр өскөн Ботаникалык бак кейиштүү абалда турат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, М.Горький жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жайгашкан анын аймагы шаардыктар жана борборубуздун меймандары үчүн табияттан ырахат алып, жаратылышка суктануучу жайга айланат.

«Маселе бакчаны мындан ары өнүктүрүү жана аны сактоо зарылчылыгында турат. Ботаникалык бактын илимий ишмердүүлүгү колдонмо мүнөздө болуп, борбордун гана эмес, бүтүндөй өлкөнү жашылдандыруу процессине салым кошуусу маанилүү. Шаардын көчөлөрүндө жана аянттарында гүлбакта өскөн жоогазындын сейрек кездешүүчү түрлөрүн отургузууга болот. Мисалга, «Зеленстрой» муниципалдык ишканасы бул жоогазындарды дээрлик Голландиядан сатып алат. Алардын мекени Ала-Тоо болуп саналат. Албетте, биз борбор шаарды бир заматта жоогазын гүлдөрү менен толук камсыздай албайбыз, бирок бул процессти баштасак болот. Менеджердик идеялар керек, бирок биринчи кезекте бакчанын аймагын тазалап, аны көрктөндүрүү керек. Биз адам ресурстары менен камсыздоого жардам беребиз», - деди ал.

Эдил Байсалов ошондой эле Ботаникалык бакты Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.

«Бул суроо талаш жаратып келет. Кандай болгон күндө да иштин башка түрү үчүн кайра профилдештирүү укугусуз Ботаникалык бактын толук кандуу илимий мекеме катары статусу сакталып калат. Бак камкордукка муктаж, илимий кызматкерлер бакчаны тазалоо менен алектенбеши керек. Алардын милдети башка», - деп белгиледи Эдил Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан