"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери флешмоб өткөрүшүп, айдоочуларга чакырык таштады. Аталган муниципалдык мекемеден билдиришкендей, флешмоб коопсуздук үчүн уюштурулду.
"Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, борбордо абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет. Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарына кабылбоо үчүн жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону өтүнөт", - дешет.