Бүгүн, 20-апрелде "Элиза үй буюмдары” каржы пирамидасынан жабыркадык” деген адамдар Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар сот, укук коргоо органдары бул иш боюнча көңүл кош иш алып барып, алардын ишин атайын созуп жатканын айтышты.
Алар "Элиза үй буюмдарынан” коомдун аялуу катмары, үй кожойкелер, студенттер окуучулар жабыркаганын айтып, акыйкаттыкты таба алышпай жатканын билдиришти.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашып, “коргоосуз калган карапайым элге жардам бергиле!” деп ишти өз көзөмөлдөрүнө алуусун өтүнүштү.
Ошондой эле бул иш боюнча активдүү аракет кылып жаткан жабырлануучуларга коркутуулар болуп жатканын айтышты.