Казакстанда каржы пирамидасынын иши боюнча белгилүү блогер камалды

Казакстанда Mudarabaн Capital компаниясынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов камалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, блогерлер соттун чечими менен он күнгө камалган.

Буга чейин каржы пирамидасын уюштурду деген айып менен Mudarabah Capital компаниясынын дагы төрт өкүлү камалган.

11-апрелде каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ал аялдын үй-бүлөсү каржы пирамидасына 45 миң доллардай акча салып, ала албай калган.

8-апрелде башка жабырлануучулар Алматыда пикет өткөрүп, полицияны иликтөө ишин тийиштүү жүргүзбөй жатат деп айыпташкан.

Алар ошондой эле Mudarabah Capital деген компанияны жарнамалаган белгилүү блогерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду дагы жоопкерчиликке тартууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан