Эдил Байсалов "Акылбек Жапаровдун атын бериш керек" деген Жумгал-Ак-Талаа жолун көрдү (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна болгон иш сапарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен Жумгал районундагы Жумгал-Ак-Талаа унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, текшерүү учурунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жолду реконструкциялоо иштери токтоп, квалификациялуу адистер менен жумушчулардын жетишсиздиги бар экени белгилүү болгон. Эдил Байсалов бул маселени чечүүнү, анын ичинде Нарын облусунун башка райондорунан жумушчу күчүн тартууну тапшырган.

"Жакынкы аралыкта жолду реконструкциялоо иштери улантылышы керек. Министрлер кабинети орун алган маселелерди чечүүгө максималдуу жардам көрсөтөт", - деп баса белгилеген Байсалов.

Эдил Байсалов ошондой эле иш сапарынын алкагында Социалдык фонддун райондук бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып, бир катар социалдык объектилерди, анын ичинде Жумгал районундагы авариялык абалдагы драма театрды кыдырат.

14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо тамтыгы чыккан Жумгал-Ак-Талаа жолуна Акылбек Жапаровдун атын берүү туура экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан