Эртең, 21-апрелде Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
09:00дөн 17:00гө чейин Бакай-Ата конушу (Бакай-Ата, Анар, Ак-Бата көчөлөрү); Муса Жалил көчөсүнүн бөлүгү; 6-кичи району №10 үй; Арча-Бешик конушу (Репин, Абдрахманов, Ахунбаев, Садырбаев, Кара-Коо, Миң-Куш, Баба-Ата, Валдайская көчөлөрү);
09:00дөн 17:00гө чейин Табалдиев, Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилиши; Жибек Жолу көчөсүнүн кесилиши, Лев Толстой, Ломоносов, Логвиненко, Тыныстанов №165 үй; Бакай-Ата конушу (Ак-Балта, Эр Табылды, Ырчы У., Анар);
9:30дан 18:00гө чейин 5-кичи району №60, 61, 63, 64 үйлөр.
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.