Орусиянын Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын №18 түзөтүү колониясында 18 Кыргыз жараны бар. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Кыргыздын Новосибирск шаарындагы башкы консулу К.Маматалиев Орусиянын жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын №18 түзөтүү колониясына барды. Аталган түзөтүү колониясында учурда 18 Кыргыз жараны камакта болууда.
Башкы консул абактагы Кыргыз жарандарынын камактагы шарттары менен таанышып, мекендештер менен баарлашып, укуктук жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештерди берди.
"Түзөтүү колониясынын жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын эркинен ажыратылган жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жарандарга тиешелүү документтерди даярдоо боюнча өз ара аракеттенүү үчүн байланыш түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.