Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында көрсөтүлөт.
"Мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду. Алар: «Байкут и Ко» (20-апрелинен тартып 24-апрелге чейин) жана «Ариет финанс» (20-апрелинен тартып 4-майга чейин) алмашуу бюролору", - деп жазылат банктын маалыматында.