Өлкөдө күйүүчү май арзандай баштады

Өлкөдө акыркы 2 күндө АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,7 сомго, дизель майы 1 сом 1 тыйынга чейин арзандады. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запастары бар. Бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө.

"Күйүүчү-майлоочу майлар рыногу монополияга каршы органдын туруктуу көзөмөлүндө турат. Күйүүчү-майлоочу майларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча системалуу түрдө зарыл иштер жүргүзүлүүдө" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан